Орусиянын Санкт-Петербург шаарында 1997-жылы туулган Абдикаим кызы Мадина жол кырсыгына кабылып, учурда аталган шаардын ооруканаларынын биринде жатат. Кырсык 16-августта кечки саат 8:00 чамасында болгон. Ал эми Мадинаны сүзүп кеткен адам ага жардам көрсөтпөстөн окуя болгон жерден из жашырып кеткен. Бул тууралуу жабыркаган кыздын бир тууган агасы SUPER.KG`ге айтып берди.
"Карындашым 16-августта кечинде жумуштан чыкканда кырсыкка учураган экен. Биз аны издеп эки күндөн кийин ооруканадан таптык. Буту 5-6 жерден сынып кетиптир. Күбөлөр карындашымды мотоцикл коюп кеткенин айтып жатышат. Тилекке каршы, Мадина азыр ал окуяларды толук эстей албай жатат. Ошондуктан укук коргоо органдарына да кайрыла албай жатабыз. Элчиликке барсак, бизге "жактоочу таап, ошол аркылуу иш жүргүзгүлө" деп сунуш беришти. Азыр чынында адвокатка эмес, ооруканага да акчабыз жетиштүү болбой коомчулуктан жардам сурап жатабыз", - деди жабыркаган кыздын бир тууган агасы Алишер Жолоев.
Абдикаим кызына 16-августта дарыгерлер биринчи операциясын жасашкан. Алишердин айтымына караганда Мадинанын жамбашы, буту сынган. Анын бутуна туруп кетиши үчүн дагы үч операция жасалышы керек. Бирок каражат жок болгондуктан жабыркаган кыз ооруканада, оор абалда күн өткөрүүгө аргасыз болууда.
"Карындашыма биринчи операция биз аны издеп тапканга чейин эле жасалган экен. Дарыгерлер дагы үч жолу операция жасалышы керек экенин айтышты. Ар бир операция 150 миң рублдан болот экен. Ошондо 450 миң рубль акча табышыбыз керек болууда. Башында ата-энебизге сарсанаа болбосун деп айтпай жатканбыз. Кийин айтууга мажбур болдук. Азыркы учурда апам келип карындашымды карап жатат", - деди Алишер Жолоев.