10 жылдан ашуун таштандыдан кагаз куту терип жашаган келин тууралуу SUPER.KG кабарлагандан кийин кайрымдуу адамдар жардам беришүүдө

Бишкекте 10 жылдан ашуун таштандыдан кагаз куту терип жашаган 4 балалуу келинге кайрымдуу адамдар кол сунуп жардам берүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 31-августта SUPER.KG порталына каарманыбыз Чолпонай Орунбаева айтып берди.

"Буга чейин ар кандай кыйынчылыктарды көрүп келдик. Азыр деле жашообуз жакшырып кеткен жок. Ошентсе да SUPER.KG порталына биздин үй-бүлө жөнүндө жазылгандан кийин телефон чалып абалыбызды сурагандар көбөйдү. Арасынан жардам берип балдарыма жаңы окуу жылына кийим, окуу куралдарын сатып берип жатышат. Дагы башкалар азык-түлүк алып келип беришсе, кээ бир адамдар акчалай жардам беришти. Эң негизгиси жаңы окуу жылынын башталышындагы кыйынчылыктан чыктык", - деп билдирди Орунбаева.

Эске салсак, буга чейин 4 балалуу Чолпонай Орунбаеванын таштандыдан кагаз куту терип күн кечирип келгени жарыяланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
momun74
2017-08-31 13:20:03
жардам берген инсандардан Аллахым ыраазы балсун!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан