Нарын шаарында Эгемендүүлүк жана Курман айт майрамында коомдук коопсуздукту камсыздоодо 350дөн ашык милиция кызматкерлери иш алып барат. Бул тууралуу бүгүн, 31-августта Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Нарын шаарында күч түзүмдөрү 31-август - Эгемендүүлүк күнүн, Курман айт майрамын жана Билим күнүн майрамдоо убагында милиция кызматкерлери кызмат өтөөгө даярдыктан өтүштү.
"Майрамдык иш-чараларды өткөрүү убагында 350дөн ашык милиция кызматкерлери коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун көзөмөлдөйт. Өздүк курам 1-сентябрда коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында күчөтүлгөн тартипте иш алып барышат", - деп билдирди басма сөз кызматы.