Бүгүн, 31-августта Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аянтында Эгемендүүлүк күнүнө карата маданий иш-чарага адамдар чогулууда. Иш-чарага келген Кыргыз мамлекетинин Эгемендүүлүк күнү кабыл алынган учурдагы Жогорку Кеңештин төрагасы Медеткан Шеримкулов элди майрамы менен куттуктады.
"31-август - бул кыргыз калкынын жаңы тарыхындагы, жаңы доорундагы өзгөчө күн болду. Ал күнү мен кыргыз калкынын өкүлү, президенти катары Жогорку Кеңеш менен бирге “Көз карандысыздык жөнүндөгү” декларацияны кабыл алдык. 26 жыл аралыгында өлкө башынан көптөгөн кыйынчылыктарды өткөрдү. Кыйынчылыктар бизге сабак болушу керек. Андан сабак алышыбыз керек", - деди журналисттерге Шеримкулов.
Президент Алмазбек Атамбаев сахнага чыгып, кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Андан соң майрам эстрада жылдыздарынын катышуусундагы концерт менен уланууда.
Алмазбек Атамбаевдин Эгемендүүлүк күнү менен куттуктоосу
"Ала-Тоо" аянтында Эгемендүүлүк күнү белгиленүүдө