Орусиянын жашоочусу 1949-жылы чыгарылган Москвич-400 унаасына учактын отургучун орнотуп сатыкка койду. Бул туурасында аталган өлкөнүн маалымат булактары жазып чыкты.
Маалыматта Омск шаарынын тургуну Алексей Назаров заводдон 68 жыл мурда чыгарылган Москвичти кайрадан оңдоп жасалгалап чыкканы жазылат. Анын өзүнө тиешелүү бөлүктөрүн таппагандыктан ар кайсы үлгүдөгү советтик унаалардан тарта, учак, тик учактын тетигине чейин пайдаланган. Кыймылдаткычы 81 аттын күчүнө барабар ВАЗ-2103кө таандык. Унаанын салону заманбап стилинде жасалгаланып Ту-154 учагынын отургучтары орнотулган.
Назаров эски унааларды жасалгалоо өзүнүн хоббиси экендигин жана сатыктан түшкөн акчаны уулунун үйлөнүү тоюна жумшай турганын айткан. Ал жаңы жашоо берилген Москвичин 1 миллион рублга баалады.