Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун борбору Каныш-Кыя айылында айыл чарба жарманкеси өтүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 31-августта SUPER.KG порталына район акими Канжарбек Эшалиев билдирди.
Маалым болгондой, жарманкеде район аймагында өстүрүлгөн продукциялар сатыкка чыгарылды.
"Айыл чарба жарманкесинде дыйкандар, уз-чеберлер жана усталар тарабынан жасалган буюмдар көргөзмөгө коюлду. Ага райондук администрацияда иштеген жооптуу кызматкерлер, айыл тургундары катышууда. Мындан сырткары борбор калаадан келген өнөрпоздор ыр-бий аткарып, элге майрамдык маанай тартуулоодо", - дейт Канжарбек Эшалиев.