Дарыгер: "Мушкер Орзубек Назаровдун жол кырсыгына кабылган кызынын абалы бир аз жакшырды"

Сүрөт Орзубек Назаровдун интернеттеги өздүк баракчасынан алынды.Бокс боюнча Дүйнө чемпиону Орзубек Назаровдун жол кырсыгына кабылган кызынын абалы жакшырды. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков билдирди.

"Бейтап дале жандандыруу бөлүмүндө дарыланып жатат. Учурда абалы бир аз жакшырды, жылыш бар", - дейт дарыгер.

Ал эми мушкер өзү интернеттеги жеке баракчасына кызынын абалы жакшы болуп калганын жазды.

"Достор, биздин кызыбыз эсине келди. Баарыңыздардын жардамыңыздарга рахмат. Эми алдыда узак сакаюу жолу күтүп турат", - дейт Орзубек Назаров.

Эске сала кетсек, 17 жаштагы Аделина Назарова 19-августка караган түнү саат 1:30 чамасында Чүй жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгына кабылган. Анда Тоголок Молдо көчөсү менен бара жаткан мотоцикл Чүй көчөсүндө бара жаткан Тойота Пассо үлгүсүндөгү жеңил унаа менен сүзүшкөн. Жыйынтыгында мотоциклдин айдоочусу окуя болгон жерден каза таап, аны менен келе жаткан кыз оор абалда Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө институтуна жиберилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Janusia
2017-08-31 14:48:33
Жакшы болуп кетсин. Эч бир ата эненин баласы оорубасын.
+4
vangolu
2017-08-31 15:20:26
ырас журогум ылдыйлап калды.сарсанаа болуп аттым эле.ата-энесине сабыр
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан