Бүгүн, 31-августта Бишкек шаарында Эгемендүүлүк майрамына карата авто сүйүүчүлөр үчүн өзгөчө унаалардын көргөзмөсү өттү. Калаанын "Жеңиш" аянтына унаа тюнинги менен алектенгендер япондордун дайхатсусунан тарта колдо чогултулган спорттук унаага чейин алып чыгышкан. Көргөзмөдө Формула-1 спортунда жарышка чыга турган унаалардын дал өзүндөй үлгүсүндө жасалган спорттук унаа шаардыктарды таңдантты.
Муну бишкектик Николай аттуу тургун чогултуп, мотоциклдин кыймылдаткычын орноткон. Анын дөңгөлөктөрүн чет өлкөдөн буйрутма менен алдырган. Ал эми кузовун жеңил материалдардан өзү калыпка салып жасап, калган тетиктерин ар кайсы үлгүдөгү унаалардан алып пайдаланган.
Көргөзмөгө ар кандай үлгүдөгү унаалардын 50гө жакын түрү коюлду. Анын ичинен өзгөчө жасалгаланган унаалардын сүрөттөрүн назарыңыздарга тартууладык.