Индияда сот Таж-Махалга индуизм динин тутунган адамдардын сыйынуусуна тыюу салды

Индия өлкөсүнүн соту Таж-Махалга индуизм динин тутунган адамдардын сыйынуусуна тыюу салды. Бул тууралуу 31-августта чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, буга чейин 6 жактоочу бийликке кайрылуу жасап Таж-Махал мусулмандардын эмес, индуизм динин тутунган адамдардын сыйынуучу жайы экенин айтып чыгышкан. Алар Таж-Махал индуизм дининин Шива Кудайына арналып курулганын айтышып, аларга да сыйынууга уруксат берүүлөрүн талап кылышкан.

Мындан соң бийлик өкүлдөрү мамлекеттик архитектура түзүмүнүн кызматкерлерине Таж-Махал качан жана кайсы диндин өкүлдөрү тарабынан курулгандыгын аныктоо тапшырмасын беришкен. Бирок архитекторлор сотто мусулмандардын таламын жактап Таж-Махал Моголдордун падышасы Шах-Жахан тарабынан төрөт учурунда каза болгон аялы Мумтаз-Махалдын элесине арналып курулгандыгын айтышкан.

Сот аталган доону карап, мамлекеттик архитекторлордун пикири менен Таж-Махалга индуизм динин тутунган адамдардын сыйынуусуна тыюу салган. Таж-Махалда мусулмандар гана сыйынып келишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Atas
2017-08-31 19:12:05
Oshoda mechitke okshosh
0
raykray
2017-08-31 19:30:59
Жакшыго
+2
raushen
2017-08-31 21:56:35
МаашааАллах
+2
Davlet1994
2017-08-31 22:56:59
МаашаАллах Аллаху Акбар
0
suban78
2017-09-01 09:01:16
Эми ушуну да болушпой баары эле сыйыныша беришпейби. Сен мусулман сен индуист дебей.
-1
KIPCHAK-KALMAK
2017-09-01 11:26:02
suban78, сага бари бир болсо башкаларга баари бир эмес озунчо мечит куруп ал
0
Aitunuk
2017-09-01 16:07:40
Таж-Махал - адамзатты суктандырган дүйнөдөгү жети кереметтин бири. Тек гана Шах-Жахандын уулунан көргөн жеке кордугу, татаал тагдыры ичиңди ачыштырат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан