"Ала-Тоо" аянтында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгына карата гала-концерт 10 мүнөттүк салют менен аяктады (фото)

Бүгүн, 31-августта Бишкекте "Ала-Тоо" аянтында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгына карата кечки концерт орун алды.

Салтанаттын жүрүшүндө Ырыскелди Осмонкулов, Темир Назаров, Гүлнур Сатылганова, Анжелика Бекболиева, Гүлжигит Калыков, Аяна Касымова, Мирбек Атабеков, Кайрат Примбердиев, Омар, Нурайым Азыкбаева көрүүчүлөргө ыр, бий тартуулашты.

Ошондой эле программанын жүрүшүндө Япон элинин ырчысы Мита Рё кыргыз тилинде ырдап көрүүчүлөрдүн бүйүрүн кызытты.

Концерттин жүрүшүн Санжар Мыкыев менен Нурзат Токтосунова алып барды.

Иш-чара саат 19:00дө башталып, 23:00дө фейерверк менен жыйынтыкталды. Салют 10 мүнөткө созулуп, ага жаш балдардан тарта 70 жашка чейинкилер күбө болушту. Ал аянтка келген миңдеген элдин майрамдык маанайын көтөрдү.

Эгемендүүлүк күнүнө карата кечки концерт
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
laboom
2017-08-31 20:16:06
Tolko ne Anjelikaa... Oshonu jon ele koibopsunarda
+6
Atas
2017-08-31 20:28:09
laboom, Oshoda jasalmalar jok bolso eken dep atsa , korso bar turbaiyby
+2
NARYNGRAD
2017-08-31 20:46:47
Жыргал эле артистердики анан депутаттардыкы ар кимге ХХХХ болуп.
+3
fanatka19
2017-08-31 20:51:48
Рух дух берип ырдай турган ырчылар кана?
+1
monkey92
2017-08-31 21:04:48
fanatka19, Дух берип ырдаган ырчыларды уккам бирок рух берип ырдаган ырчыларды укпаптырмын кап...
+2
Kulatov
2017-08-31 21:40:47
Ошто майрам болбойтабы ошту айтпайтасыңар го
-5
chakieva87
2017-09-01 00:16:59
Рыскелди осмонкуловдун ыры соонун
0
Polumna
2017-09-01 00:22:09
КТРКдан корсотсо сонун болмок.
0
vaselisa
2017-09-01 02:28:07
Темир Назаров жокко?
0
dastan_nookat
2017-09-01 08:46:23
Жылдан жылга начар болуп бара жатат концерт! Мурун чет элдик ырчылар келишчу
-1
Koshaly
2017-09-01 11:32:12
dastan_nookat,Пицца тобу келбедиби Азия моллго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан