Путин, Назарбаев, Трамп кыргыз элин Эгемендүүлүк күнү менен куттукташты

Бүгүн, 31-августта чет элдик башчылары президент Алмазбек Атамбаевди жана кыргыз элин өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Алгач Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин кыргыз элин куттуктады.

“Эгемендүүлүктүн 26 жылында сиздердин өлкө мамлекеттик курулушта чоң ийгиликтерге жетишти. Экономика ыкчам өнүгүп, элдин жашоо деңгээли жогорулап жатат. Эл аралык жана аймактык деңгээлде өлкөңөрдүн таасири өсүүдө. Буга достук мамиледеги коңшу жана стратегиялык өнөктөш катары Кытай чын дилинен кубанычта”, - деп жазылат куттуктоодо.

Орусиянын президенти Владимир Путин куттуктоосунда Кыргыз-Орусия мамилелери стратегиялык өнөктөштүктүн жана биримдиктин маанайында ыкчам өнүгүп жаткандыгын белгиледи. “Өлкөлөрүбүздүн ортосунда мазмундуу саясий диалог, түрдүү тармактарда жемиштүү эки тараптуу кызматташуу, Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында натыйжалуу өз ара аракеттенишүү жөнгө салынган”, - дейт Путин.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев: "Тарыхый кыска мезгилдин аралыгында Кыргыз өлкөсү ыкчам өнүгүп келе жаткан өлкө катары эл аралык коомчулуктун кадыр-барктуу мүчөсү болуп калды. Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достук өз ара мамилелер элдерибиздин кызыкчылыгында мындан ары дагы чыңдалып жана өнүгө берет деп терең ишенем”, - деп куттуктады.

Сауд Арабиясынын падышасы Салман бин Абдулазиз Аль-Сауд элдин жана өзүнүн атынан Атамбаевди Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, ден соолук, бакыт-таалай каалады.

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев: “Элибизди байланыштырган достук мындан ары дагы өз ара пайдалуу мамилелерди өнүктүрүүнүн ишенимдүү фундаменти болуп кызмат кылат деп ишенем”.

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп Кыргыз-Америка байланышын чыңдоо иштерин уланта турганын билдирди. “Аймактык алаканы жакшыртуу максатында кызматташып, өлкөлөрүбүздүн жыргалчылыгы үчүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү арттырууга өбөлгө түзүү иштерин улантабыз деп ишенебиз”, - деп жазылат Трамптын куттуктоо катында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
scorp
2017-08-31 19:54:28
Трамп))))
+4
Nurdinova
2017-08-31 20:54:56
Каяктан өнүктүк 26жылдан бери канча президентти депутаттарды тойгуздук дагыле тойгузуп келатабыз ал эми эл өзүн эле бакпай ар алмашкан депутат мн президентти кошо багып келет 26жылдан бери көрүнүктү эштеке кылышкан жок мамлекетти карыз кылып эле келатышат
+6
Nurdinova
2017-08-31 20:57:58
Кыргызстанда эл бай мамлекет кедей. Өнүккөн мамлекет деп Казакстанды айтса болот кумду жерди шаар кылып койду Кыргызстан мн Казакстандын айырмасы өтө чоң себеби президенти жакшы иштейт
+6
progresskg
2017-08-31 22:46:13
Nurdinova,Казакстан президенти оз элин, эл катары корбойт, сыйлабайт, ошондуктан канча кааласа башкарат. Атамбаев го, элди сыйлайт эмне болсо да, ошондуктан ал озунон башка да достойный адам бар экенин моюнга алат. Ал эми казактарда андай эмес. Казакстан эли начар жашайт азыр, карыздары ото коп 150 миллиард доллардан ашат, бийликтегилери болсо, жонокой элди адам катары корбойт. Кыргызстан болсо азыр Казакстанга караганда туура жолдо.
+4
Erlan_95
2017-08-31 23:10:00
progresskg,ойлонуп суйлосон Казакстан кантип онугуп жатканын коруп атамынбы.Алматы шаарынын буджети биздин Кыргызстандын буджетинен коп.
+4
progresskg
2017-09-01 02:39:44
Erlan_95,тенгеси да туруктуу эмес, коррупция да аябай кучогон. Карызга коп нерсени салса болот, бирок эч нерсе ондуруп, дуйного сатпасан, анда экономикан алсыз. Казакстан дуйного эч кандай товар сатпайт газ менен нефттен башка. Россия деле ошондой байкуш бир мамлекет. Силерге укмуш сезилсе керек, ооба оз айылындан туз эле Алмата, Астана же Москвага барсан ошондой, бирок Бирок дуйнодо, бул мамлекеттерди алсыз жана кедей мамлекет катары корушот. Азыраак алардын пропагандасын уккула.
0
Azatbek83
2017-09-01 14:11:44
progresskg,Эмне деп жазганыны озун тушундунбу?Россия бул Россия бар экен оз оокатыбызды таап жеп жатабыз.Казахстанда да иштеп жатабыз.Аларды Кыргызстанга салыштырба!Бизде эмне бар айтчы?!Бар нерсени сатып жеп жок кылышты!Уялбай онуктук деп койушат.Бир нерсе десен окмотту куноолобогуло дегенинерчи!Сен да бир дядканын баласы окшойсунго!
0
AKCAHAT
2017-09-01 12:09:33
Nurdinova, казактардын понтуна коп ишенбе)))
0
Azatbek83
2017-09-01 14:22:23
Nurdinova,Кыргызстанда АК уйдогулор бай Эл келбей КСДП миллиордерлер!
0
Azatbek83
2017-08-31 21:06:38
Кытайдын Си Цзиньписи ак уйдогулордун чон кызматтагылардын онугуп чон ийгиликтерге жетишкенин айткан окшойт.Элибиз ошол эле бойунча эптеп септеп кун откормой кундон кунго чет элге суудай агылып жумуш издеп кетип эле жатат.Туура эмес жазган болсом сиздерден кечирим сурайм кечиресиздер.
+9
bond02
2017-08-31 21:33:52
Ушулардын баары куттуктаганында кумонум бар да.
+7
Nazar76
2017-08-31 21:35:56
Туура айтасын
+3
nur...nur.
2017-08-31 22:26:30
Кудага шугур десенер эн башкысы кыргызстан тынч
0
AKCAHAT
2017-09-01 12:08:49
Кытай мн казактын президенти апыртып койгонго кпяктагы прогресс, каяктагы онугуу. Той мн майрамдан артпай калганбыз
0
seni.gana
2017-09-01 12:35:28
Шайлоодон кийин онугобуз деген умуттор бар.коррупция мн еле тойдун олумдун чыгымын азайта турган бийилик болсо елибиздин жашоо шарты тез еле онолот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан