Бүгүн, 1-сентябрда Бишкекте Курман айт намазын окуу үчүн аянтка чогулган элге президент Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосун Мухаммедкалый Абылгазиев окуп берди. Андан соң шаар мэри Албек Ибраимов куттуктоо сөзүн айтты.
Муфтий баян окуп ислам дининин жана пейилдин тазалыгын айтып коомчулукту ыйманга чакырды.
"Урматтуу мекендештер, өлкөбүздө жакшы жыл болсун. Көп улуттуу өлкөбүздө эл арасында ынтымак бекемделсин. Бүгүн кубанычтуу күн. Бүгүн кечиримдүү болууга мүмкүнчүлүк жаралган күн. Мамлекетибизде жаш балдар ыйлабасын, алар кор болбосун. Анткени аркабыздан дуба кылар орун басарларыбыз балдарыбыз. Ошондуктан татыктуу тарбия беришибиз керек", - деди муфтий.