Бишкек шаарында жана Чүй облусунун аймагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 30 тонна эт таратылат. Бул тууралуу бүгүн, 1-сентябрда SUPER.KG порталына "Кызыл жарым ай" коомунун Кыргыз өлкөсүндөгү өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
"Курман айт майрамына карата Бишкек шаарындагы жана Чүй облусунун аймагындагы балдар үйлөрүнө, Азиздер жана дүлөйлөр коомуна, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 5 килограммдан эт таратылат. Жалпысынан 6 миң үй-бүлөгө бериле турган эттин көлөмү 30 тоннага жетет", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, иш-чара 1-сентябрдан 4-сентябрга чейин уланат. Жардамга муктаж үй-бүлөлөр Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин берген сунушу менен тандалып алынган. Демөөрчүлүк ишин "Кызыл жарым ай" коому жүзөгө ашырган.