Алмазбек Атамбаев: "Курман айт ата-бабаларыбызды, жакындарыбызды эскерип, келечекке жакшы ниет кылууга үндөйт"

Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев кыргыз элин Курман айт майрамы менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

"Урматтуу мекендештер!

Урматтуу Кыргыз мамлекетинин мусулмандары!

Бардыгыңыздарды мусулмандардын эң ыйык майрамдарынын бири – Курман айт менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Бүгүнкү Курман айт майрамы ар бирибизди кайрымдуу болууга, курмандык чалып, жетим-жесирлерге жардам берип, соопчулук иштерди жасоого багыттайт. Ата-бабаларыбызды, жакындарыбызды эскерип, келечекке жакшы ниет кылууга үндөйт. Кылымдарды карыткан уюткулуу элибиздин уңгусун бекемдеп, ыймандуулукка жана сабырдуулукка чакырат.

Быйыл Курман айт Билим күнүнө туш келгени – жакшы белги. Исламдын ыйык китеби Куранда окууга жана билимге өзгөчө көңүл бөлүнгөн. Жаратканыбыз Мухамед пайгамбарга “Оку!” деп буйрук бергени тегин эмес. Окуу жана билим аркылуу гана адамдардын дилин агартып, жакшылыкты жамандыктан, жарыкты караңгылыктан ажыратып, бейпил турмушка кеңири жол ачарын туюндурган.

Урматтуу мекендештер!

Курман айт күнү бардык аруу тилектериңерди Кудай кабыл кылсын. Жакшы ой-максаттарыңар ишке ашсын. Мекке шаарында ажылык сапарда жүргөндөрдүн ниеттери кабыл болуп, аман-эсен мекенине кайтып келишсин.

Элибизде ар дайым ынтымак жана биримдик орноп, Кыргыз жерибиз тынчтыкта гүлдөп-өнүгө берсин.

Айтыңар маарек болсун, урматтуу мекендештер!"

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
mir777
2017-09-01 13:43:58
жакшы ниет кылып кетип калыныз эми, жетишет!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан