Президент Атамбаев: “Сакалды сербейтип алып түнү менен намаз окугандан көрө бир саат билим алган жакшы”

Бүгүн, 1-сентябрь - Билим күнүндө өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чоң-Таш айылына курулган Сүймөнкул Чокморов атындагы жаңы мектептин ачылышына катышты. Мектеп жаңы окуу жылына окуучулар үчүн белек болду. Өлкө башчысы жаш муундар үчүн билим алуу маанилүү мезгилдин талабы экенин айтып, сөз сүйлөдү.

“Куранда биринчи сөз "билим" деп башталат. Азыр сакалдарын сербейтип алып жүрүшөт. Түнү менен намаз окугандан көрө, бир саат билим алган жакшы. Эгер динге ишеним күч болсо ошол диндин китептерин да окуш керек. Менин суранарым, биринчи кезекте балдарды окуталы. Астрономияны окусун, керек болсо физика, химияны окусун. Бул билим деген исламдан келип чыккан”, - деди өлкө башчысы.

Айта кетсек, жаңы курулуп ишке берилген мектеп 150 орунга ылайыкташкан. Мурдагы эски мектепте 80 эле орун болгондуктан окуучулар мектепке батпай башка жакынкы айылдарга барып билим алууга мажбур болушчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (78)
Aitunuk
2017-09-01 14:28:56
Туура айткан. Тажиктердей кылып "үч сантиметрден ашырып сакал койбогула" деген сыяктуу Указ чыгарса да болмок. Болбосо, азыркы сакалын карабай, бапсыйган, күржүйгөн жигиттерди көрсөң түрүнөн коркосуң, анысы аз келгенсип бутуна сланцы кийип, этек- башы кир болгон шалбарды кийип алышат, адамды жипкиртип.
+11
KIPCHAK-KALMAK
2017-09-02 09:51:39
Aitunuk, сага плюс баскандарга тан калам эмнеге киндигин корсотуп жургондорду жазбайсын эмнеге аборт кылып баласын таштагандарды сындабайсын козуно сакал жаман корунуп калдыбы катын сымал сакалы барлар жагабы сага анда жон отурабер еркеке сакал чыгат а не аялга екоону ажырата билгин!!
+2
surgeon777
2017-09-01 14:34:00
Жаман нерсе айтпаптыр,динден алыстагыла деген жок,тескерисинче илим менен билим Исламдан чыккан деп жатпайбы,ото эле фанат болбой билимге умтулгула деген окуучуларга,просто оюн жакшы жеткизе албай калат атабыз,чаржайыт болуп кетет айтайын деген создору))а так ойлору жакшы...
+22
-NURIK-
2017-09-01 14:37:30
Ушу АША элдин алдына чыкканда сөзүн катчыларына жаздырып алып чыкса болбойбу? Админ ушу суроого жооп алып бергилечи.
+2
Aitunuk
2017-09-01 14:45:34
-NURIK-,Президенттин (өкмөт башчы, спикиер ж.б.)сөздөрүн катчы эмес, атайын штатта иштеген спич-райтер жазат. Бирок Атамбаев өткөндөгү журналисттер менен болгон маегинде өз сөзүн өзү жазарын, кимдир бирөө даярдаган кепти окуй албай турганын айткан эле, демек, башка бөлүмдөр, спич-райтер тек гана маалымат чогултуп берет деген жыйынтыкка келсек болот.
+5
orxidey
2017-09-01 14:58:50
Ар бир адам озунун кабыл алуу денгеелине жараша ой жугуртот .Бирок президенттин айтканы деле туура билимдуу болуу эн жакшы ой жугуртуулор озгорот кыскасы эки жакты бир алып кетуу керекго.
+12
laboom
2017-09-01 15:37:53
Munusunda tuura aitat birok,bilimi jok moldolor eldi aldap bawin ailantip juruwot
+8
sabyr86
2017-09-01 15:47:49
Туура окуш керек менин иним мечитке эое качат,сабагы окулбай жазда экзаменди араң тапшырттык
+5
KGstan1981
2017-09-01 16:16:12
Орустарда бир жакшы макал бар.Лев без гривы это не лев а львица.Алмазбек Шаршенович Пайгамбар жашына жетем деп калыпсыз андай суйлогонуз болбойт.Сакал кою бул сунот.Бирок сакалды дагын чачты тарагандай тарап жууп журуш керек.
-2
aydinnur
2017-09-01 16:28:52
Айтыбыз маарек болсун туугандар! Ажобуз негизи эле туура айтыптыр...
+5
Rasul94
2017-09-01 17:55:20
aydinnur,кошулам тимеле чырылдай беребиз кээде
+5
gulmira90
2017-09-01 18:31:14
Аллахтын каарына калып кеткичкң тообо кыл!олигарх болсоң да өлөсүң!
+2
aitmat
2017-09-01 21:11:13
Кыргыздардын Кличкосу
-2
Sakusha
2017-09-01 22:31:16
Биздин Ажообуз мыкты эл колдойт ар дайым
+1
SMS Aroma
2017-09-02 20:49:24
Билим алган кишинин суйлогон созу ушул болсо - тунулдум ушуга окшогон билимдуулордон!
-3
Taalaibek.
2017-09-02 22:28:13
Туура эмес суйлоп алыптыр.
0
temirov76
2017-09-03 11:25:30
Taalaibek.,туура сүйлөгөн жерлери да барбы?
0
aravan.kg
2017-09-04 20:43:17
Ушу биздин президент дегенден уялам
0
aravan.kg
2017-09-04 20:44:39
Билим эмес илим деп айтылган
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан