Быйылкы жаңы окуу жылына карата өлкө боюнча 121 миң окуучу биринчи класска барды. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чоң-Таш айылына курулган жаңы мектептин ачылышында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
“Быйыл жаңы окуу жылына 14 жаңы окуу имараты ачылып, окуучуларды кабыл алып жатат. Муну менен катар 121 миң окуучу биринчи класстын босогосун аттады. Ошондой эле 33 жаңы окуу китептери окутуу программасына киргизилип жатат. Көп эле жакшы аракеттер болуп жатат. Анын баары балдар үчүн”, - деди Гүлмира Кудайбердиева.