Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 1-сентябрда Аламүдүн районундагы Арашан айылынын мечитинде Курман айтка карата майрамдык айт намазга катышты. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. Президент соӊку жылдары Айт намазга өзү туулган айылда катышууну адатка айланткан.
Айт намаздан кийин президент "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгондорду эскерди. Ошондой эле "Ата-Бейит" комплексиндеги 1916-жылдагы окуяларда каза болгондорун мемориалына барып, куран окутууга катышты.
Ал эми өлкө жетекчисинин майрамдык куттуктоосун Бишкектеги эски аянтка чогулган элге президенттин кеӊешчиси Мухаммедкалый Абылгазиев окуп берди.