Бүгүн, 1-сентябрда Курман айт жана жаңы окуу жылына карата Жалал-Абад ОИИБинин кызматкерлери мектептерде түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Максат - мектептерде кылмыштуулукту болтурбоо, жол кырсыктарын, кокустуктарды алдын алуу. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматынын өкүлү Мыктыбек Турдубеков билдирди.
Ошондой эле ар бир мектептин жанына Патрулдук милиция кызматкерлери жол коопсуздугун камсыздоодо. Жалал-Абад облусу боюнча жалпысынан миңден ашуун кызматкер тартылган. Патрулдук милициянын маалыматына ылайык, 2017-жылдын башынан бери облуста жаш өспүрүмдөрдүн катышуусунда 118 жол кырсыгы катталган. Кырсыктарда 141 өспүрүм жаракат алып, 11 өспүрүм каза болгон.