Бүгүн, 1-сентябрда Курман айт майрамында Орусиянын борбору Москва шаарында да Айт намазы окулду. Ага 200 миңдей мусулман катышканын Интерфакс маалымат агенттиги жазды.
Аталган маалымат булагына ИИМдин басма сөз катчылыгы: "Баш калаанын полиция кызматы жана Орусиянын аскердик гвардиясында кызмат өтөп жаткан аскерлер шаардын коопсуздугун көзөмөлдөп турушту. Баш аламандык же болбосо, тартип бузуулар катталган жок", - деп билдирген.
Саат 11ге чейин борбордун айрым көчөлөрү жабылып, намаздын катышуучуларына шарттар түзүлдү.
Ал эми Орусиянын ири шаарларынын бири Санкт-Петербургда 100 миңден ашык мусулман Курман айт намазына катышкан.
Белгилей кетсек, Орусияда эмгектенип жүргөн Кыргыз мигранттардын расмий саны учурда 600 миңдей. Ал эми расмий эмес сан мындан да көп.