Эртең, 2-сентябрда ырчы Элмира Кайып кызынын сөөгү жерге берилет. Коштошуу зыйнаты Бишкектеги Ала-Тоо-2 конушунда өтөт.
Ырчынын санаалашы Эльмира Мадиеванын билдиришинче, кечээ Элмира Кайып кызынын дем алуусу оорлошуп баштаган. "Мурун жүрөгү ооручу эмес эле. Ошол күнү дем алуусу кыйындап, ага чакыртылган "Тез жардам" да майрамдан уламбы же башка себептенби, дээрлик 2 саатка кечигип келди деп уктум. Ал эми каза болуусунун себебин дарыгерлер инфаркт деп айтышканын көз көрсөткөнү барганыбызда сиңдиси айтып берди. Элмира Кайып кызынын мурун боору ооручу. Бирок операциядан кийин каза болгон деген туура эмес", - деди ал.
31-августта ырчы Элмира Кайып кызы мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. Ал 42 жашта эле. Артында 1 кызы калды.