СУПЕРСТАН: "Жашың жете элек дегенине карабай, ызы-чуу салып мектепке баргам"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "1-класска барган күнүңүздү эстеңиз" деген темада колдонуучулар алгачкы жолу мектепке баргандарын эскерип, эсте калган окуялары менен бөлүшкөн.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Мен сыртта ойноп жүргөм, карасам баары ак көйнөк, бантик жана гүлдөрдү көтөрүп алып бара жатышат. Анан "апа, булар кайда?" десем "мектепке" деп калды, "анда мен дагы барам" десем, "ай, сага болбойт, сен алтыга чыга элексиң" деген, сурансам дагы болбой койду. Анан отуруп алып кечке ыйлап, "мен дагы окуйм" деп ызы-чуу салгам. 2-сентябрь күнү кийиндирип алып апам мектепке алып барган. Барсам толтура окуучулар, анан кыйын болуп барып партага отуруп алгам. Мугалим "күбөлүгүң кайда" дейт, апам менен сүйлөшүп, кайра келип "ай, сен алтыга чыга элексиң, сага болбойт" десе, мына сага, окуйм деп кайра ызы-чуу көтөрдүм, анан макул болушуп окуп калгам".

"А мен 1-класска апам менен баргам (мектепке барчу жолду билчү эмесмин). Анан көзү бакырайган сулуу кыздын жанына отургам, аты Айгүл экен. Бир сары кыз "кетем үйгө, калбайм бул жерде" деп атасын этектеп такыр ыйлап көнбөй койгон, аныкы Айжан экен. Анан окуучуларды тизмектеп эки класска бөлө башташты. Атабыздын аты качан жаңырат экен деп күтсөм жок. Менин атым ошентип аталбай калды. Апам эжекеме барып, "менин кызым чакырылбай калды го?" десе, эжекем "кабатыр болбоңуз, Айжамалды өзүмдүн классыма кошуп алдым, атайын чакырган жокмун" дептир. Анан жогоруда аты аталган эки кыз менен биринчи класста ынак курбулардан болгонбуз. Азыр да кабарлашып турам".

"Биринчи класска мен түгөйүм, апам болуп барганбыз. Апам мугалим болгондуктан бизге класс жетекчи болгон. Мектепте "эжеке", үйдө "апа" деп жүрдүм. Анан да взноско, ремонтко, китепке акча топтоордо "эжеке, атам эртең берем деди" дечүмүн да..."

"Менин эсимде анча-мынчасы гана калыптыр. Баарыбыз апаларыбыз менен барып, класста отурабыз. Анан эжей бизди доскага чыгарып "ким ыр билет, ырдай аласыңарбы?" десе, мен чыгып:

"Жашыл гүлдөй жайнаган жамалыңды

Көрбөй калып арманда каламынбы?

Жолугууга бир келсең эмне болмок, ии-ий.

Убактыңды ушунча аядыңбы?" - деп тытып таштасам, элдин баары каткырып эле жатып калышкан. Апам совхоздо иштегендиктен үйгө аялдар көп келип, майрамдарда ичимдик ичип, отуруп калышчу. Анан ушул ырды көп ырдашкандыктан жаттап калсам керек да".

Эсте калган окуялар менен бөлүшкүңүз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан