Бүгүн, 1-сентябрда мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чоң-Таш айылына жаңы курулган мектептин ачылышы болду. Ага карата уюштурулган мектептин ачылышына билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева да катышып, быйыл окуу жылына карата билим берүү тармагында боло турган өзгөртүүлөр туурасында айтып берди.
“Ушул жылы өлкөдөгү мектептердин 55 пайызы интернетке кошулат. Ушул эле сентябрь айында 775 мектеп интернетке туташтырылып жатат. Муну менен электрондук китепкана, электрондук билим берүүчү усулдар иштелип жатат”, - деди министр.