Казакстанда 10 жаштагы окуучу кичинекей кызды педофилден куткарып калды

Казакстанда 10 жаштагы окуучу кичинекей кызды педофилден куткарып калган. Чет элдик маалымат каражаттары билдиргендей, мындан 5 күн мурун Акжол Сансызбай аттуу окуучу үйүнө бара жатып курулуш иштери жүрүп жаткан жерден кыздын ыйлаганын угуп калган. Акжол өзү тааныган кичинекей кызды анын ыйлаганына карабай белгисиз адам мажбурлап ээрчитип бара жатканын көргөн.

"Бул көрүнүшкө күбө болгон соң мен акырын алардын артынан аңдый баштадым. Аябай корктум, бирок кичинекей кызды тиги киши менен калтырып кете албайт болчумун. Артынан ээрчип бешинчи кабатка чыктым. Кыз аябай ыйлап, тиги киши болсо аны үнүн басуусун талап кылып жатты. Мен бардык нерсени уюлдук телефонума тартып алдым. Ал кызды моюнунан кармап муунтуп баштаганда, мен биринчи кабатка түшүп ошол жакта иштеп жаткан улуу кишилерди чакырдым. Алар келгенде тиги киши коркуп, кызды таштап качып кетти", - деген окуучу.

Акжол жабыр тарткан кызды үйүнө ээрчитип келген соң гана милиция кызматкерлери чакырылган. Окуучунун эрдигинин натыйжасынан улам шектүү алыска узаган эмес. Милиция кызматкерлери аны 15 мүнөттүн ичинде изи сууй электе колго түшүрүшкөн.

10 жаштагы бала кичинекей кызды педофилден сактап калды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Begaiko
2017-09-01 16:43:41
Молодец!
+10
-NURIK-
2017-09-01 16:57:20
Красавчик!
+9
Saidochka
2017-09-01 17:06:04
Кудай сактаптыр байкуш кызды
+11
Topcubai
2017-09-01 17:25:45
Бетин толук корсотпой эле койбоптур.Кантсе дагы кичинекей эмеспи.Балким убакыт отуп,оч албайт деп эч ким кепилдик бере албайт.
+21
Abdusamat.kg
2017-09-01 18:11:55
Кана эле ар бир адам ушинтип эрдик кылса кана
+1
Kuba-savai87
2017-09-01 19:39:47
Болоор бала богунан. Азаматсын эл жерине пайдасы тийген атуул болосун
+9
pero123
2017-09-02 11:19:34
бул баланы эмес наркы педофилдин жүзүк так даана ачык көрсөтүш керек эле!!!эл өзү тартиялап жазалайт эле.кааласа өлтүрөт эле.ал акча менен чыгып кетет эртең эле!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан