Бишкекте эгиз төрөп, каза болгон Мээрим Дайырбекованын денесин экспертизадан өткөрүүгө ата-энеси жана бир туугандары каршы болду. Бул тууралуу бүгүн, 1-сентябрда маркумдун бир тууган сиңдиси Сезим Дайырбекова SUPER.KG' порталына айтып берди.
"Эжемдин каза болушуна түздөн-түз дарыгерлердин күнөөсү бар. Бул боюнча атайын комиссия түзүлгөн. Бирок биз намаз окуп жүргөн эжебизди каза болгондон кийин денеси кесилип, кыйналуусун каалаган жокпуз. Кантсе да анын өмүрүн кайтарып алуу мүмкүн эмес. Ансыз да буга чейин төрөттөн да денеси кесилип кыйналды. Биздин экспертизага макул болбогонубуздан улам комиссия өздөрүнө ылайыктап эжемди "аз кандуулуктан жабыркап келген" деп жыйынтык чыгарышыптыр", - деп билдирди Сезим Дайырбекова.
Эгиз балдардын апасы каза болгондон кийин жүргүзүлгөн текшерүү учурунда жашыруун тартылган тасмада бейтап түн ичинде абалы оорлошуп, акушерге кайрылган. Бирок ал нөөмөттөгү дарыгерди чакырбай, бейтаптын абалы жөнүндө кабарлабай койгон. Эртеси таңкы саат 06:00 чамаларында келген дарыгерге да бейтаптын абалы туурасында айтышкан эмес. Тасмада жазылып калгандай врач 3 сааттан кийин гана маркумдун абалы жөнүндө билген.
Эске салсак, буга чейин маркумдун жакындары келиндин каза болушуна дарыгерлердин кайдыгер мамилеси себеп болгонун айтышкан.