Мэрия: "Эгемендүүлүк майрамынан кийин "Ала-Тоо" аянтынан жана борбордук көчөлөрдөн 48 метр куб таштанды чыгарылды"

Бишкек шаарынын "Тазалык" муниципалдык мекемесинин кызматкерлери кечээки 31-август - Эгемендүүлүк күнүн белгилөөдөн кийин шаардын борбордук көчөлөрүнөн жана "Ала-Тоо" аянтынан жалпы 48 метр куб таштанды чыгарышты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

"Майрам аяктагандан кийин ишкананын кызматкерлери эл көп жүргөн жана майрамдык иш-чаралар өткөрүлгөн аймактарды тазалашты. Тазалоо иштерине 72 кызматкер, 8 даана техника жана көчө жуучу 3 унаа чыккан. Ошондой эле майрам алдында борбордук аянтка 20 таштанды салуучу евроконтейнер жана 18 чоң желим урналар коюлган.

Эгемендүүлүктү майрамдоочу иш-чаралардын эртеси эле Курман айт майрамы болгондуктан кызматкерлер түнү менен иштеп аянттарды жууп чыгышты", - деп билдирет аталган ведомство.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Adil706070
2017-09-01 17:43:47
Тазалык ишканасынын жумушчуларынан Аллах ыраазы болсун.бекем ден-соолук,уй-булосуно бактылуу жашоону,насип этсин.
+11
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан