ЖЫЛНААМА, 1-СЕНТЯБРЬ: Мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыганы Эркебаев 64 жашка толду

Мамлекеттик жана коомдук ишмер, сынчы, адабиятчы, филология илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын академиги Абдыганы Эркебаев 64 жашка толду. Ал 1953-жылы 1-сентябрда Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районундагы Кара-Тейит айылында туулган.

1975-жылы КМУнун филология факультетин кыргыз тили жана адабияты адистиги боюнча артыкчылык диплому менен бүтүргөн. 1976-жылдан тартып Москвадагы М.Горький атындагы Дүйнөлүк адабияттар институтунун стажёру, аспиранты болгон.
1982-1988-жылдары Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунда (азыркы И.Арабаев атындагы КМУ) орус жана чет өлкөлүк адабияттар кафедрасынын улук окутуучусу болуп иштеген. 1990-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болгон. Андан кийин Кыргыз Республикасынын басма сөз жана маалымат министри, вице-премьер-министр, Ош облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы, Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты болуп иштейт. 1997-жылы Жыйындын төрагасы болгон.
2000-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы, кийинчерээк Кыргыз-Орус Славян университетинин проректору болуп иштеген. 2012-жылдан бери Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын башчысы болуп, быйыл өз эрки менен кызматтан кеткен.
Абдыганы Эркебаев 10 китептин жана адабият, искусство жана саясат боюнча 200дөн ашык макалалардын, рецензиялардын автору. 1980-жылдан тартып СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
1-сентябрдын жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kychan.98
2017-09-01 19:16:04
Кут болсун туулган кунунуз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан