ЖЫЛНААМА, 2-СЕНТЯБРЬ: 15 жыл мурун кыргыз балетинин легендасы Чолпонбек Базарбаев көз жумган

Борбор Азияда балет өнөрүндөгү жигиттердин арасынан СССРдин Эл артисти наамын алган жалгыз адам
Борбор Азияда балет өнөрүндөгү жигиттердин арасынан жалгыз СССРдин Эл артисти наамын алган атактуу балет бийчиси Чолпонбек Базарбаев мындан 15 жыл мурун, 2002-жылы 2-сентябрда 53 жашында жол кырсыгынан каза болгон.
Кыргыз балетинин легендасы 1949-жылы 4-февралда Нарын облусунун Кочкор районундагы Чолпон айылында төрөлгөн. 1959-жылы Фрунзедеги Кыргыз мамлекеттик музыкалык жана хореографиялык окуу жайына тапшырып, аны 1967-жылы бүтүргөн. 1966-1993-жылдары Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрынын солисти, кийин башкы директору, ал эми 1993-1996-жылдары Кыргыз Республикасынын маданият министри, 1996-жылдан Кыргыз Республикасынын билим берүү, илим жана маданият министринин 1-орун басары, ошол эле учурда 1987-жылдан баштап Театр ишмерлери союзунун президенти болуп иштеген.
Чолпонбек Базарбаев улуттук жана классикалык бийдин техникасын мыкты өздөштүрүү менен балет спектаклдеринде ар кыл мүнөздөгү образдарды психологиялык жактан терең ачып берген. Ал "Кыргызстан Ленин комсомолу" (1977), эл аралык "Мин Ои" (Япония, 1995), эл аралык Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыктардын лауреаты болгон.
Чолпонбек Базарбаевдин сахнадагы өнөктөшү айтылуу бийчи Айсулуу Токомбаева болгон. Экөө 1966-жылдан баштап 1987-жылга чейин Опера жана балет театрында бирге бийлешип, акыркы гастролу Филиппиндин борбору Манилада австриялык композитор Людвиг Минкустун спектаклин бийлөө менен аяктаган.
"Бийдин Кудайы"
Маалыматтарга караганда, көрүнүктүү орусиялык мамлекеттик жана маданий ишмер Михаил Швыдкой эскерүүсүндө Чолпонбек Базарбаевге "Бийдин Кудайы" деген баасын берген.
"Чолпонбек Кыргыз мамлекетинен чыккан жөнөкөй бийчи эмес эле. Анын өнөрүн, бийин көрүп француздар, англичандар дагы үлгү аларлык, кайталангыс талант эле. Күн нурундай жанган артист болчу. Мындайларды "бийдин генийи" деп коёт. Чолпонбек улуттук балет өнөрүн дүйнөлүк бийиктикке көтөрүүгө салым кошконун тана албайбыз", - деген ал.
Тува жергесинен Бишкектеги хореографиялык окуу жайга 10 жашында окууга келген Надежда аттуу айым Чолпонбек Базарбаев менен чогуу бир партада отуруп окуган. Окуу жайды бүткөндө экөө баш кошушкан.
2-сентябрга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан