Кытай мамлекеттик гимнин туура эмес жагдайда пайдалангандарды камакка алат

Кытайда мамлекеттик гимнди пайдалануу жөнүндө жаңы мыйзам кабыл алынды. Мыйзам ушул жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет. Чет элдик маалымат булактары жазгандай, жаңы мыйзамга ылайык гимнди бардык эле иш-чараларда пайдалана берүүгө тыюу салынат.

"Эгер жарандар кайсы бир инсанды акыркы сапарга узатууда, жеке өзүнө тиешелүү иш-чара өткөрүп жатканда, жарнамалык видеолорду топтоштурууда же жарнамалык акция учурунда коомдук жайларда гимнди пайдаланса - мыйзамды бузган болот. Мындан тышкары ким гимндин текстин өзгөртүп ырдаса, аны аткарып жатып маданиятсыз кыймыл-аракеттерди жасаса 15 күнгө чейин эркинен ажыратылат же кылмыш жоопкерчилигине тартылат", - деп жазылат маалыматта.

Гимнди саясий расмий жыйындарда, Кытайдын жалпы улуттук өкүлдөрүнүн сессияларынын ачылыш жана жыйынтыктоо аземдеринде, желек көтөрүүдө, улуттук маанилүү иш-чараларда, спорттук жана дипломатиялык ири иш-чараларда пайдаланууга уруксат. Мектептердин башталгыч класстарынын окуу китептеринин башкы бетине гимнди жазуу чечими калтырылган жана окуучуларга гимнди ырдоого тыюу салынбайт. Бул алардагы мекенге болгон сүйүүнү күчөтөт.

"Мамлекеттик гимн башка ырлардан айырмаланып турат жана ал биздин өлкөнүн символу. Жаңы кабыл алынган мыйзам калктын гимнге карата олуттуу мамиле жасоосун шарттайт", - деген жаңы мыйзам тууралуу кытайлык композитор Цзинь Фуцзай.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан