Баткен районуна караштуу Дара айыл аймагынын Кожешкен дарыясынын түштүк тарабында жер көчкү түшүү коркунучу жаралды. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бийик дөңсөдөн жарака пайда болуп, кооптуу делген жерден бир үй-бүлө туугандарынын үйүнө көчүрүлдү. Аталган үйдө 7 адам жашап келген. Мындан сырткары дагы 3 турак үй ӨКМнын адистеринин көзөмөлүнө алынган. Жарака кеткен дөңсө менен турак үйлөрдүн аралыгы 20-30 метрге жетет.