Австралияда кенгуруну союп салган кытайлык жаран кармалды. Чет элдик маалымат булактары жазгандай, Кытайда интернетке уюлдук телефонго тартылган видео тараган. Видеодо эркек киши жарадар болгон кенгурунун моюнуна бир нече жолу бычак сайып, союп салган.
Кишинин бул аракеттерине кенгуру алгач кыйкырып, үн чыгарып каршылык көрсөткөнү менен туруштук бере алган эмес. Каардуу киши ага 19 жолу бычак сайган. Интернеттеги бул видеону көрүп ачууланган колдонуучулар Кытайдын жана Австралиянын полициясына кайрылышкан. Австралиянын тартип сакчылары жаныбарды мыкаачылык менен сойгон кишини кармашканда анын 43 жашта экендиги, көп жылдан бери Австралияда жашап, антиквариат буюмдарын сатуу менен алектене тургандыгы белгилүү болгон.