Германиянын Дуйсбург шаарында бийиктиги 16,7 метрди түзгөн дүйнө жүзүндөгү эң бийик кумдан жасалган сепил курулуп, "Гиннесстин рекорддор китебине" кирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар бүгүн, 2-сентябрда жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, сепилдин курулушуна 3 жарым миң тонна кум колдонулган. Ага бир нече өлкөнүн архитектуралык элементтери түшүрүлгөндүктөн куруу иштерине ар улуттун скульпторлору катышкан. 5 кабаттуу үйдүн бийиктигиндей болгон сепил ал аймакта 24-сентябрга чейин турат. Буга чейин жер жүзүндөгү эң бийик сепил Индиянын Пури шаарында жайгашып, 14,84 метрди түзгөн.