Бишкектеги Ботаникалык бактын илимий кызматкери: "Алманын түшүмдүүлүгү азайып, ооруга дуушар болууда"

Бишкектеги Ботаникалык бакта 10 гектарга жакын аянтты ээлеген алманын түшүмдүүлүгү азайып, түрдүү оорулар көбөйүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда өткөн көргөзмөдө Ботаникалык бактын илимий кызматкери Гулира Дөөткулова билдирди.

"Бүгүнкү күндө Ботаникалык бакта 193 алманын түрү болсо, алмуруттун 63 түрү өстүрүлөт. Ошондой эле 33 түрдүү алча жана 34 түрдүү өрүктүн сорттору бар. Быйылкы жылда алманын түшүмдүүлүгү өткөн жылга салыштырмалуу аз болду. Анткени алма табигый эс алып жатат. Буга чейин алманын бир нече түрлөрү жок болуп кеткен учурлар болгон. Соңку жылдары түрдүү оорулар көбөйүп жатат", - деп билдирди Дөөткулова.

Көргөзмөнүн жүрүшүндө адистер алма, алмурут өстүрүү, аны зыяндуулуктан сактоо жана туура түрүн тандап тигүү жолдорун айтып берди. Иш-чарага катышкан өкүлдөр түшүмдүүлүктү арттыруунун айланасында түрдүү суроолорду берип, жооп алышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан