Американын Ротчер медициналык борборунун нейробиологдору музыкант Дэн Фаббионун баш мээсине операция жасашты. Чет элдик басылмалар кабарлагандай операция учурунда Фаббио саксофондо ойноп жаткан.
"Баш мээнин коркунучсуз шишиги" деген диагнозду дарыгерлер Фаббиого 25 жашында коюшкан. Пайда болгон шишик мээнин музыкалык аспаптарда ойноого жооптуу аймагында жайгашкан. Жасала турчу операция бул аймакка өзүнүн зыянын тийгизип коюшу мүмкүн эле. Бейтаптын уникалдуулугуна жана жөндөмүнө жараша дарыгерлер Фаббионун баш мээсинин картасын алдын ала түзүп алышкан.
Операция маалында бейтап эс-акылында болгон. Операция учурунда Фаббио саксофон ойноп жаткандай үндөрдү чыгарып обон салып турган. Бул ыкма дарыгерлерге музыкалык аспаптарда ойноо үчүн жооп берген мээнин негизги аймактарын аныктап алууга чоң жардам берген. Дарыгерлер операция ийгиликтүү өткөнүнө ынаныш үчүн Фаббионун колуна операциядан кийин дароо саксофон беришкен. Музыкант операция аяктаары менен саксофондо ойноп берген.