Президент Улуттук онкология жана гематология борборунда оңдоо-курулуш иштерин аяктоого 70 миллион сом бөлдү

Президент Алмазбек Атамбаев Улуттук онкология жана гематология борборунда оңдоо-курулуш иштерин аяктоого 70 миллион сом бөлдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Айта кетсек, президент Алмазбек Атамбаев 1-июнь - Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология борборунун балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө барган эле. Президент балдардын ата-энелери жана мекеменин жамааты менен маектешип, оор кеселге чалдыккан балдарды дарылоо шарттарын жакшыртуу боюнча мындан ары да чараларды көрүүнүн маанисин баса белгилеген.

Жогорудагы каражат Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине финансылык колдоо көрсөтүү үчүн Президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунан бөлүндү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан