Бишкекте “Халал” индустриясынын 7-жарманкеси өтүүдө. Анда Кыргыз жеринде өндүрүлгөн адал азыктар коюлган. Жарманкеде кадимки "кукси" тамагы сыяктуу кыска убакытта даярдала турган курамында курут, сары май, жупка кошулган кыргыз даамы көптүн көңүлүн бурууда.
“Бул “жупка” деп аталат. Эгер курамында сүзмө кошулганы болсо анда аны сактоо бир айга чейин эле мүмкүн болот. Ал эми кургатылган курут менен жасалган түрү бар. Аны 3 айга чейин сактоого болот. Бул экологиялык жактан таза, пайдалуу, тез даяр болуучу тамак”, - деди жарманкенин катышуучуларынын бири Азамат Айдаркулов.
Эт, бал, сүт азыктарынан кызыктуу фигуралар жасалып коюлган жарманке 1-2-3-сентябрь күндөрү Бишкекте өтөт. Бул демилгечилер тарабынан Курман айт майрамына карата уюштурулган.
“Биз быйыл адал жарманкесин 7-жолу уюштуруп жатабыз. Бул, албетте, өндүрүшчүлөр менен керектөөчүлөрдүн ортосундагы мамиленин түзүлүшүнө жол ачат. Мурда адал, арам дегенде этти гана түшүнчү элек. Эми керектөөдөгү башка азык-түлүктөрдү да, адал же адал эмес деп айырмалай баштадык. Бул адамдардын адал азыктарга болгон сабаттуулугун арттырат деп ойлойм. Биздин максат жергиликтүү таза азыктарды эл аралык деңгээлге алып чыгып, экспортко чыгаруу. Биздеги азыктар экологиялык жактан таза, сапаттуу болгону менен аны кайра иштетүү жагы жакшы эмес. Ошондуктан биздин азык-түлүктөр эл аралык рынокто ордун таба элек. Бул жарманкенин 7 жылдан бери салттуу уюштурулуп келе жатышы, биздин өлкөнүн рыногунда адал азыктардын туруктуу орду бар экенин көрсөтөт”, - деди “Халал” индустриясынын башкы директору Мыктыбек Арстанбек.