Ош облусунун Өзгөн районунда өлкөнүн Эгемендүүлүк майрамы белгиленген жок деген маалыматты айрым ММКлар жазып чыгышкан эле. Бул интернеттеги социалдык тармактарда түрдүү пикирлерди жаратып, талкууланды.
Өзгөн районунун администрациясынын башчысы, акимдин биринчи орун басары Алишер Бакышев SUPER.KG порталына өлкөнүн Эгемендүүлүгүнүн 26 жылдыгы райондогу айыл өкмөттөрдө, райондун борборунда демейдегидей эле майрамдалганын билдирди.
"Райондо 19 айыл өкмөтү бар. Айыл өкмөттөрдө да, райондун борборунда да жыл сайын бул майрам белгиленип келет. Бул жылы Курман айт майрамы менен Эгемендүүлүк күнү удаа келгендиктен райондун борборундагы аянтка жыл сайын орнотулчу 6 боз үй тигилген жок. Майрамдан бир күн мурун администрацияда жыйын өтүп, аянтты Курман айтка да даярдоо зарылдыгы тургандыктан 6 боз үй тигилбейт деген бүтүмгө келгенбиз. Бирок 31-август күнү кечинде Өзгөн шаарындагы борбордук аянтта майрамдык шаң, ыр болуп, фейерверктер атылды. Иш-чарага мен да катышып, каалоо-тилектер айтылган", - дейт Бакышев.
Ал белгилегендей, Өзгөн шаарындагы аянтка Курман айт намазын окуу үчүн 10 миңден ашык адам келген.