Болливуддагы Абхишек Рэй аттуу ырчы, музыкант, композитор жапайы жаныбарларды сактап калуу үчүн кирешесин токой аянттарын сатып алууга жумшайт. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазган.
Маалыматта жазылгандай, ал Индиядагы эң популярдуу делген Жим Корбетт улуттук паркын жана анын аянтын кеңейтүү үчүн ага жакын жашагандардын жер тилкелерин сатып алган.
Музыкант мындан 10 жыл мурун тоого экспедицияга чыккан кезде жергиликтүүлөр жапайы жаныбарларды, өзгөчө жолборсторду атып, өлтүрүп жок кылып жатканына күбө болгон. Аңчылык, дыйканчылык менен алектенген жергиликтүү калкты жапайы жаныбарларды, жаратылышты бузбоого чакыруу аракеттеринен майнап чыкпай тургандыгына ынангандан кийин Абхишек Рэй токой аянттарын сатып алууну ойлонгон. Бул үчүн ага жалпысынан 7 жыл убакыт керектелген. Корук үчүн жер аянтын сатып алгандан кийин ал жерге эң кургакчылык мезгилде да жаныбарлар үчүн суу келип туруучу арык, каналдарды казып даярдаган. Мындан тышкары 400 түп бак-дарактарды отургузуп, ири корукту түзгөн.
Ошентип Sitaban коругу 35 Бенгалия жолборстору, кара аюу, кабылан, кийик, суусар жана башка жаныбарлардын коопсуз жайына айланган. Мындан тышкары Рэйдин коругунда канаттуулардын 650 түрү бар.
"Эгер сиз жапайы жаратылышка аз гана шарт түзүп койсоңуз калганын жаратылыш өзү жолго салып кетет. Менин музыкалык композицияларды жаратышыма дал ушул корук, андагы жаныбарлар шык, дем берет. Токойдун өзүнүн мукам үнү бар, бул үн мен жашоомдо уккан эң жагымдуу үн", - деген ырчы бул тууралуу.