Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кара-Талаа айылынын жашоочулары спирттик ичимдигин саткан эки дүкөндүн ээси менен кечээ Курман айт күнү араздашкан. Жергиликтүү тургундар 1-сентябрь күнү Айт намазынан кийин дүкөн ээлерине барып, спирттик ичимдиктерди сатууну токтотуусун талап кылышкан. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Ысык Көл ОИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.
“Быйыл апрель айында Тоң районунун Кара-Талаа айылында элдик жыйын болуп, жергиликтүүлөр аймакта спирттик ичимдиктерди сатууга тыюу салууну демилгелешкен. Ошондо айылдагы бардык дүкөндөрдө спирттик ичимдиктерди сатууга болбой турганы айтылып, калк айылдагы дүкөндөрдөн 480 миң сомдук алкоголдук ичимдиктерди сатып алып талкалап жок кылышкан. Андан соң аталган айылдагы эки дүкөн жашыруун спирттик ичимдиктерди сатып жүрүшкөн экен. Муну угуп калган демилгечилер Айт намаздан кийин чогулуп, ишкерлерге барып дүкөндө ичимдиктерди сатууну токтотуусун талап кылышкан. Бир канча сүйлөшүүлөрдөн кийин дүкөн ээлери алкоголдук ичимдиктерди сатууну токтотууга макул болгон”, - деди Усубакунов.
Милициядан кабарлашкандай, окуя болгондон кийин Тоң райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Кара-Талаа айылына барып, жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.
“Ошол күнү милиция кызматкерлери аталган айылга барып, дүкөн ээси жана айыл аксакалдары менен сүйлөшкөн. Дүкөндүн ээси ага карата эч кандай басым болбогонун жана эки тарап бир чечимге келгенин айтып, арыз жазуудан баш тарткан. Ал эми жергиликтүү активисттерге, спирттик ичимдиктерин сатууга мыйзам менен гана тыюу салуу мүмкүн экени айтылып, мыйзамдан тышкары аракеттер үчүн жоопкерчилик каралганы эскертилген. Албетте, бул жакшы демилге, бирок ишкерлик жөнүндө мыйзам бар. Эгер дүкөн ээсинин арак сатууга уруксат кагазы болсо аны чектөөгө мыйзам жол бербейт”, - деп кошумчалады Ысык Көл ОИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов.