Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Казыбек айылында 3 адам сибирь жарасын жуктуруп алган деген шек менен ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда SUPER.KG порталына Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын Нарын облусундагы башкармалыгынын башчысы Жалил Алымкулов билдирди.
"Ат-Башы районунун Казыбек айылында 3 киши сибирь жарасын жуктуруп алган деген шек менен ооруканага жаткырылды. Азырынча дарыгерлер так диагнозун аныктай элек. Алар айылда уй союшуптур. Мындан улам союлган уйдан вирус жуктуруп алдыбы деп шектенип жатабыз. Ошол эле учурда аларда оорунун вирусу жок болушу да ыктымал", - деп билдирди Алымкулов.
Жалил Алымкуловдун маалыматына ылайык, Ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын Нарын облусундагы адистери Казыбек айылын текшерүүгө алып, иш жүргүзүшкөн. Натыйжада кооптонууга негиз жок деген жыйынтыкка келишкен.
Маалымат үчүн: Сибирь жарасы (Күйдүргү) – малдан жугуучу эң коркунучтуу дарт. Ал денени ууландыруу, чыйрыктыруу менен коштолгон курч мүнөздөгү жугуштуу оору. Терини, кээде ичеги-карынды, өпкөнү жабыркатат, ошондой эле канды бузат. Күйдүргүнүн козгоочусу - таякча сымал микроб. Жер кыртышында спора түрүндө сакталат. Организмге киргенде өсүп-өнүгүп, көбөйөт жана организмди уулантат. Споралар тышкы чөйрөдө 100 жылдан ашык сакталат.