Казакстанда "Тез жардам" унаасына койлорду жүктөп алгандар кызуу талкууга түштү. Бул туурасында аталган өлкөнүн маалымат каражаттары жарыялады.
Маалыматта 31-август күнү Курман айт майрамынын алдында Атырау шаарындагы Тума мал базарына белгисиз адамдар "Тез жардам" унаасы менен 5-6 койду жүктөп барышканы жазылат.
Бул көрүнүштү байкаган адам сүрөткө тартып, интернетке жарыялап жиберген. Кабар жарыяланар замат эле көпчүлүк адамдар кыжырдануусун билдирип, кээ бири "бейтаптарга учурунда жардам бергендин ордуна булар кой ташып жүрөт" дешсе, айрымдары "эми койлор булгап койгон унаанын салонун кантип тазалашар экен" деген сыяктуу терс пикирлерин калтырышкан.
Ошондой эле маалыматта шаардык оорукананын өкүлдөрдү сөз болуп жаткан медициналык унаа жеке бейтапканалардын бирине тиешелүү экендигин айтышкандыгы кошумчаланат.