SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Ала жипти аттоо" эмнеден келип чыгат?" деген тема талкууга алынган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Эркектердин аялынын көзүнө чөп салуусу же жалпысынан эле анын полигамиялуу (көп никелүү) болуусу анын дене түзүлүшүнөн улам келип чыгат деп медициналык сайттан окудум эле. Анткени эркектин гормондору топтолгон жумурткалардын чоңдугу андагы бөлүнүп чыккан суюктуктун туура, толук кандуу иштешине тоскоолдук болгондо, эркек башка аял жөнүндө ойлой баштайт экен. Ошондуктан аял күйөөсүн төшөктө канааттандыра алганда гана күйөөсүн сактап калат дейт. Менимче, көзүнө чөп салуу жөн жерден келип чыккан жомок эмес".
"Менин бул дүйнөдө жалгыз сүйүүм бар үчүн жаныма башка бирөөнү жолоткум келбейт. Жадакалса коомдук унаада тыгылыш болсо дагы кыздардан алыс турууга аракет кылам. Биринчиден мага өзүмдун эле сүйгөн жарым керек. Экинчиден башка бирөөнүн кызына, өмүрлүк жарына же болочок апасына кол тийгизгенден корком".
"Ушул көйгөй боюнча эки жыл ойлонуп түбүнө жетпедим. Үй тап-таза, даамдуу, сонун тамактарды даярдайм, балдар таза, ыйлабайт. Түнү төшөктө соп-сонун. Баары жайында болчу. "Анан эмнеге?" десем өзү деле билбейт. "Көпкөндөн окшойт, жөн гана өзгөчө сезимдер керек болгон" дейт. Эркектердин психологиясын түшүнүү кыйын".
"Жолдошума жүз пайыз ишенем деген да болбойт экен. Биздин айылда үлгүлүү үй-бүлөлөрдөн болгон, балдары бар, иши бар абройлуу киши "менин көңүлдөшүм бар, андан бир балам бар 20га чыгат, үй-жайына чейин алып бергем. Эми катташалы, балам эс-акылына кирип калды, тууган урук керек" деп жыйырма жылдан кийин айтып жатпайбы... Ошондуктан ар бир адамдын башында кандай ой, эмне максаты бар экени бир гана өзүнө маалым болот экен".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.