Бүгүн Ош жана Жалал-Абад облусундагы 4 жергиликтүү кеңеште шайлоо өтүп жатат

Бүгүн, 3-сентябрда өлкө аймагындагы 4 жергиликтүү кеңеште шайлоолор өтүп жатат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Учурда Ош облусунун Кара-Суу шаардык кеңешинде, Жалал-Абад облусундагы Тогуз-Торо, Чаткал районунун Терек-Сай, Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңештеринде жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жүрүп жатат.

Маалыматка ылайык, шайлоо Кара-Суу, Тогуз-Торо жана Терек-Сай кеңештеринин депутаттарынын мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу жарыяланган. Ал эми Токтогулдагы Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңеши бир нече жолу айыл өкмөт башчысын шайлай албагандыктан мөөнөтүнөн мурда таратылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Merch
2017-09-03 13:39:38
Кызыл Өзгөрүштөгү жергиликтүү депутаттар айыл өкмөттү эки жолу шайлашты, бирок аны бийликтегилер койбой жатышат!!!
+1
ashamkan
2017-09-03 15:33:40
Merch,бийликке жакканын койбосо кайра кайра боло берет шайлоо
0
talant87
2017-09-05 07:39:01
Булардын жаштарын колдогула деп чакырмакмын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан