Белгилүү музыкант Лео Рохас Бишкекте өтө турган концертке келет

Көп өлкөгө атагы чыккан, белгилүү пан-флейтчи Лео Рохас Бишкекке келет. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, Лео Рохас Дүйнө элдеринин IV эл аралык эпос фестивалынын алкагында өткөн концертке катышат.

Концертке Монголия, Алтай, Башкортостан, Казакстан, Якутия жана башка мамлекеттерден келген эпос жана дастан айтуучулар катышат. Концерт Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда 4-сентябрда өтөт.

Лео Рохас улуттук аспаптар менен музыкалык композицияларды аткарып, көпчүлүккө таанылган.

Музыкант 1984-жылы Эквадордо төрөлүп, 2000-жылы Испанияга кийин Германияга көчүп кеткен. Учурда Берлинде польшалык аялы менен жашайт. 2011-жылы Германиядагы "Das Supertalent" шоу программасынын жеңүүчүсү болгондон кийин атактуулугу арткан. Ага чейин ал көчөдө музыка аткарып акча тапкан.

Лео Рохас: "Жалгыз малчы" композициясы
Лео Рохас: "Последний из Могикан" тасмасынын саундтреги
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
eldar96
2017-09-03 15:31:26
Одинокий пастухту мыкты аткарат.
0
sirgak_92
2017-09-03 15:59:45
Жан дуйнон ачылат го
0
surgeon777
2017-09-04 02:13:59
Кочмондор оюнуна чакырыш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан