Ош-Бишкек жолунда каза болгондорго багышталып куран окулуп, түлөө өткөрүлдү

Ош-Бишкек жолунда каза болгондорго куран окулуп, түлөө өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 3-сентябрда SUPER.KG порталына иш-чараны уюштуруучулардын бири Марат Акимбеков билдирди.

"Акыркы убактарда Ош-Бишкек жолунда жол кырсыктары көп болуп, канчалаган адамдардын өмүрү кыйылып жатат. Өкүнүчтүүсү арасында өспүрүмдөр, наристелер да каза болгон учурлар катталууда. Мындан улам Ош, Баткен, Жалал-Абад облусунун жаштары биргеликте мал союп, мындан ары кырсык болбосун деген ниет менен түлөө өткөрүп жатабыз", - деп билдирди Акимбеков.

Маалыматка ылайык, жаштардын демилгесин колдоого алып, казыяттын өкүлдөрү көмөк көрсөтүүгө келишкен. Иш-чаранын жүрүшүндө айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Asman...
2017-09-03 14:39:58
Аллахым өзү сактасын. Азаматтар кабыл болсун.
+12
aitowa11
2017-09-03 15:01:44
Ушуну жакшы кылышыптыр.
+10
Kumarchik
2017-09-03 15:13:43
мурда эле ушул ишти кылыш керек болчу азаматтар
+9
Azat.97
2017-09-03 16:11:58
Жакшы жакшы.Азаматтар!!Куранынар кабыл болсун
+5
Ma9
2017-09-03 16:53:39
жакшы болуптур кырсыктар болбосун
+2
Take_men
2017-09-03 17:43:41
Түлөө өткөргөн жакшы. Бирок Шумахер болуп айдаган жаш балдарды тыйыш керек биринчиден. Аллах сактанганды сактайт
+4
grace
2017-09-03 18:49:59
Кудайым кабыл кылсын батаңарды, кырсыктар жалпы Кыргызстанда азаймактан таптакыр жок болсун ылайым!
+1
guli-1980
2017-09-04 08:55:00
Айдоочулук куболукту сатпай окутуш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан