Бишкектин Махатма Ганди көчөсүндө жайгашкан "Азиз" базарынын жанында өрт чыкты. Бул тууралуу окурман "Элдик кабарга" билдирди. Окуя таңкы саат 5:30, 6лар чамасында орун алган.
Күбөлөрдүн айтымында өрттүн очогу базардын жанында жайгашкан печенье чыгарган цехте орун алган. Цех базардын кампасына жакын жайгашканы менен тилсиз жоо кампага жетпей чектөөгө алынган. "Өрт өчүрүү кызматынын кызматкерлери 20 мүнөттөй убакытта келишти. Жабыркагандар болгон жок, бирок цех толугу менен күйүп кетти", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.