Кытайдагы полициянын бала көтөргөн аялды уруп жыгылткан видеосу талкууланууда

Интернеттеги социалдык тармактарга полициянын бала көтөргөн аялды кармагандагы видеосу тарап, колдонуучулар аны кыжырлануу менен талкуулап жатат. Чет элдик маалымат булактарынын маалыматына ылайык, окуя Кытайдын Сунцзян районунда тартылган.

Анда полиция аялды катуу түртүп, урганда ал далысы менен асфальтка жыгылган. Аялдын колунда көтөргөн баласы да бар болгондуктан наристе кыз апасы менен кошо жерге катуу жыгылган. Полицияга жардамдашуу үчүн унаадан дагы бир тартип сакчысы чыгып, аялдын колун таңуу аракеттерин биргеликте көрүшкөн. Окуяны карап ыйлап жаткан кызды жолдо өтүп бара жаткандар сооротушкан.

Полициянын ачууланышына аялдын унаа башкаруудагы эреженин бузулушуна карата салынган айыпка макул эместиги себеп болгон. Аял полициянын чечимине нааразы болуп, аны түрткүлөп жибергенден кийин полиция ушундай кадамдарга барган. Интернет колдонуучулар полиция өзүнүн ыйгарым укугун ашырып жиберген деген пикирлерди калтырууда.

Учурда полициянын бул аракети боюнча Сунцзян полициясы ички текшерүү иштерин жүргүзүүдө. Ал эми аял баласы менен алган жаракаттарын аныктоо үчүн ооруканага жеткирилген.

Шанхайда полиция кызматкерлери балалуу аялга татыксыз мамиле жасашты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
OMURBEK.
2017-09-04 10:48:34
Бул кытайына тан калбайм жыгытмак турсун жаш балдарды бышырып жеп жатбайбы кытайларын мына интернеттен ошол бышырып жегенин талкуулашса болмок экен
+13
kechirmeni
2017-09-04 11:00:13
Жестко
+1
12.12.12
2017-09-04 11:07:34
Мыкаачылык. Баласынын башы жерге катуу тийди го. Оздорун жазалаш керек. Кудай жазанды берсин.
+9
RusMos76
2017-09-04 11:44:11
эки эркек 1 аялга кучу аран да жетпейт го тыртандашып. Жон эле кармашса болбойт беле!
+1
AKCAHAT
2017-09-04 12:10:11
Мына тартип бизде кайра айдоочулар деспот болот ГАИни коркутуп, Мелис байке,Айгеримдин апасын, каблукчан журналисттерди ХХХХ керек озу
+3
no.comment
2017-09-04 12:16:13
Жестоко чаап салыптыр го, бирок аял айыптуу
+1
Jumabay-kgz
2017-09-04 13:46:03
alar politsia emes, MAI kyzmatchylary eken
+2
Arlenchik
2017-09-04 13:52:07
Акмактардын оздорун мындай ырайымсыз мамиле кылганы учун жазаласа экен, кичинекей баласы мн аял кишиге да ушундай мамиле жазайбы келесоолор.
+2
Kumarchik
2017-09-04 14:44:55
адам эмес айбандар
+4
AzKumFerDan
2017-09-04 17:56:58
Бир күн Кытайда чоң апаат болот көп Кытайды жер жутат
+2
aidan.nur
2017-09-05 00:05:06
Бала катуу тийди го
+1
Azatbek83
2017-09-05 00:23:13
Кытайларда адамдык сапат жок экен жок дегенде бироосу кой дебеди!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан