Бүгүн эртең менен Ош облусундагы аэропорт жактан келе жаткан чоң унаа Ош-Аэропорт жолунда кырсыкка кабылганын "Элдик кабарга" окурман билдирди.
"Эртең менен аэропортко болжол менен саат 5тер чамасына бара жаткам. Айланып өтүүчү жолдун четинде газ ташуучу чоң унаа оодарылып жатыптыр. Канча адам жабыркаганын билбейм, бирок айдоочусу көйнөктөрү кан болуп, жол кайгуул кызматкеринин суроолоруна жооп берип жаткан. Анын айтымы боюнча алдынан чыга калган жеңил унаадан буйтайм деп, жолдун жээгиндеги троллейбустун столбасын сүзгөн", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.