Парламенттин үч комитети Өзбекстандын президентинин Кыргыз өлкөсүнө боло турган сапарын талкуулашууда

Бүгүн, 4-сентябрда парламенттин үч комитети жабык эшик артында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин Кыргыз өлкөсүнө болгон сапарын талкуулашууда.

Жыйынга Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жана Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин мүчөлөрү катышууда.

Өзбек президенти 6-сентябрда Кыргыз мамлекетине келе турганы белгилүү болгон.

Эске салсак, 16-августта кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык отурумуна катышуу үчүн Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов келген. Эки өлкөнүн өкмөт башчылары чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча протоколго кол коюшкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан