Бүгүн, 4-сентябрда Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин иши боюнча соттук отурум өткөрүлдү.
Отурумдун жүрүшүндө күбө катары көрсөтмө берүүгө чакырылган курулуш иштери боюнча эксперт Бакытбек Сагынбеков эмгек өргүүсү бүтүп, бүгүн жумушка чыкканын, колунда тиешелүү кагаздары жок суроолорго жооп бере албастыгын, ошондой эле бул иш менен тааныш эместигин айтты. Сот экспертти кийинки отурумга катышууга милдеттендирди.
Андан соң күбө катары Токмок шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Алёна Крашененко суралды.
"Мен ал учурда Токмок шаардык кеңешинин депутаты болгом. Китепкана жөнүндө сөз болуп жатат. Ал китепкана 1990-жылдардан бери кооптуу абалда болчу. Ошентсе да окурмандар китеп алып окуп турган. Имаратты оңдосо да болот эле. Бирок жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан оңдоп-түзөө боюнча маселе көтөрүлгөн эмес. Ал эми автоунаа токтотуучу жайды башка жерге көчүрүү боюнча сессияда сөз болгон. Мэр Исаев эч качан сессияга киришип таасир эткен эмес. Анын киришүүгө укугу да жок", - деп билдирди күбө.
Отурумдун жүрүшүндө Токмок шаардык салык инспекциясынын кызматкери Саякбай Алымсейитов күбө катары суралды. Ал Канат Исаевдин мэр болуп турган учурунда "Яшар" дүкөнүн башка жерге көчүрүүдө Токмок шаарынын бюджетине терс таасирин тийгизген эмес. Демек, бюджет төмөндөгөн жок", - деп жооп берди.
Андан соң Токмок шаарынын мэри Жыргалбек Шамыралиев суралып, "китепкана мен мэр болуп келгенге чейин эле шаардык кеңештин депутаттарынын чечими менен сатылган" деп билдирди.
Соттук отурум күбөлөр суралып бүткөндүгүнө байланыштуу 7-сентябрга жылдырылды.
Эскерте кетсек, Башкы прокуратура "Канат Исаев 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп айыптап, кылмыш ишин козгогон. Канат Исаев Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккандан кийин 2016-жылдын 10-ноябрында ага карата кылмыш ишин тергөө кайра жанданган. Кийин Башкы прокуратура ишти Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүп берген.