Ислам Каримовдун кызы Лола Каримова продюсерлик кылган тасма Венеция кинофестивалында сыйлыкка татыды

Лола Каримова күйөөсү менен Венеция кинофестивалында74-эл аралык Венеция кинофестивалында Өзбекстандын мурунку президенти Ислам Каримовдун кызы Лола Каримова-Тилляева менен жолдошу Тимур Тилляев продюсерлик кылган тасма сыйлыкка татыды. Бул тууралуу Лола Каримова интернеттеги социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Анда жазылгандай, “Улугбек. Ааламдын сырын ачкан адам” деген аталыштагы даректүү фильм “Кинео” сыйлыгына татып, “Мыкты чет элдик даректүү фильм” наамын жеңип алган.

Фильмди Өзбекстандын белгилүү кинорежиссёру Баходир Юлдашев тартып, анда орто кылымдагы окумуштуу жана Самарканддын башкаруучусу Мирзо Улугбектин жашоосу чагылдырылган. Аталган тасма буга чейин Искья аралында өткөн кинофестивалда да “Мыкты даректүү тасма” наамына татыган.

Белгилей кетсек, эл аралык Венеция кинофестивалы 1932-жылдан тарта өткөрүлүп, баш байгенин ээсине "Алтын арстан" сыйлыгы тапшырылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Asyl10
2017-09-04 16:56:12
Лола Каримованы домашний арестте беле? качан бошогон? же мен артта калдымбы маалыматтан?
0
keit12
2017-09-04 18:48:34
Гулнора Каримова уй камакта
0
orxidey
2017-09-04 20:28:27
Акчасы болсо оскарда алат акчаларын ушундай жол менен чачып жатканго озуно пиар кылып.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан